Франциянын "ПСЖ" клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы "Манчестер Сити" клубуна каршы оюнда париждик клуб үчүн алгачкы голун жаратты.
Месси оюндун 74-мүнөтүндө Килиан Мбаппенин чыгаруусун голго айланта алды. Буга чейин үч оюнга чыккан Месси бир дагы жолу голдук пас чыгарып бере элек болчу.
Эскерте кетсек, Месси "Париж Сен-Жермен" клубуна 10-августта кошулган. Ал буга чейин "Барселона" клубунда ойноп келген.