UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзү тартылган "Bruised" (Көк ала) тасмасы тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
"Лос-Анжелесте сонун күн өткөрдүм. "Көк ала" тасмасынын премьерасы үчүн бир нече интервью бердим", - деп жазды Шевченко.
Бул тасмада Шевченко "Оскар" сыйлыгынын ээси Холли Берри менен роль жаратат. Тасмада Берри MMA мушкеринин ролун ойнойт. Кинодо Шевченко анын башкы атаандашы. Бул тасма 24-ноябрда жарыкка чыгат.
Холли Берри буга чейин тасманы тартуу учурунда Валентина Шевченко анын бир нече сөөгүн сындырганын айткан.