Футбол: 23 жаштагы өзбекстандык футболчу "Реал Мадрид" клубуна гол киргизди (видео)

Молдовалык "Шериф" футболдук клубунун өзбекстандык чабуулчусу Жасурбек Яхшибоев Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычындагы "Реал Мадрид" клубуна каршы оюнда гол жаратты.

Яхшибоев оюндун биринчи бөлүгүнүн 25-мүнөтүндө башы менен дарбазага таамай сокку узатып, эсеп санын ачкан. Анын бул голу "Шериф" клубуна тарыхый жеңишти алып келди. Себеби "Шериф" 2:1 эсебинде жеңишке жетип, тайпада биринчи орунга чыкты.

Өзбекстан курама командасынын чабуулчусу Жасурбек Яхшибоев 2021-жылдын августунда "Шериф" футболдук клубунун оюнчусу болгон. Буга чейин ал Беларустун "Шахтер" клубунда ойноп келген.

23 жаштагы өзбекстандык футболчу "Реал Мадрид" клубуна гол киргизди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rakyl12
2021-09-29 14:52:40
Азамат азамат..
+2
Chagylgan7
2021-09-29 15:00:56
Узбекистан футболу Негизи онугуп жатат аябай
+5
KG-312
2021-09-29 15:21:51
Эми 15 кылым мактанышат жеендер, эгер орустар болгондо 25 кылым мактанышмак.
-1
make2
2021-09-29 15:56:21
Азамат өзбек футболбоочулар европада ийгиликтерди жаратууда
+3
Dembele84
2021-09-29 16:29:17
Реалдын звездаларын шерменде кылыптыр го,азамат!
+1
Nurgazy80
2021-09-29 20:29:52
Ромада Елдор Шомуродов, Шерифте Якшибоев, бизде деле бар ЦСКАда Ахмедов, Кайратта Алыкулов.
-3
Timon
2021-09-30 11:21:42
Гулжигиттен умут чон буюрса...Гулжигит аплде ойнойтко буюрса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан