Чемпиондор Лигасы: "Шериф" клубу "Реал Мадрид" клубун жеңгенден кийин каршылашын мазактоо менен майрамдады

Молдованын "Шериф" футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын алкагында өткөн "Реал Мадрид" футболдук клубуна каршы оюндагы жеңишинен кийин социалдык тармактагы баракчасына "Шериф" клубунун эмблемасы жана анын үстүндө "Реал Мадриддин" логотибинен алынган таажынын сүрөтүн жүктөдү.

"Комментарий жок", - деп жазылды сүрөттүн астына.

Ал эми испаниялык клубдун күйөрмандары муну мазактоо деп аташкан. Мындан кийин "Шериф" аталган коллажды өчүрдү.

"Шериф" конокто өткөн оюнда "Реал Мадрид" клубун 2:1 эсебинде жеңип, тайпада биринчи орунга жайгашты. Өз кезегинде Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон Молдова Европа футболунун тарыхына кирди деп белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан