Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Алымбек Датканын 220, Курманжан Датканын 210 жана Алай музыкалык драма театрынын 75 жылдыгына карата республикалык «Тоо театрларынын I фестивалы» өз ишин баштады.
Фестиваль Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылындагы Т.Ажибаев атындагы музыкалык драма театрынын базасында өтүүдө.
Алгач фестиваль Өзбекстан Республикасынын Наманган облустук музыкалык-драма театры, С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры, К.Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театры, Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры жана Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрларынын жүрүшү менен башталып, концерттик программа көрсөтүлдү.