Бишкекте үйлөрдүн биринен алтын, акча уурдаганга шектүүлөр кармалды. Бирөө өспүрүм

Бишкекте уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда О.К. аттуу жаран терезенин рамасын бузуп, менчик үйлөрдүн бирине мыйзамсыз кирген белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

"Үйгө киргендер 850 доллар, 15 миң сом жана зер буюмдарды уурдап, из жашырып кетишкен.

Бул факты 200-берене (уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, 2002-жылы туулган И.Т. жана 2004-жылы туулган И.К. аттуу жарандар шектүү катары кармалды.

Шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан