6-ноябрь күнү Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн футзал боюнча 2014-жылы Вьетнамда өтүүчү Азия Кубогуна тандап алуудагы экинчи оюнда Кыргызстан Түркмөнстан курама командасы менен кез келип, 2:2 эсебинде тең чыкты.
Эскерте кетсек, 5-ноябрь күнү өткөн биринчи беттеште Кыргызстан Тажикстан курама командасына 8:4 эсебинде жеңилген болчу. Ал эми бүгүн, 7-ноябрь күнү Кыргызстан Өзбекстан курама командасы менен беттешет.