Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралына чейин өтө турган кышкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына чет элдик көрүүчүлөр киргизилбейт. Мындай маалымат Эл аралык Олимпиада комитетинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, кышкы Олимпиада оюндарына билеттер Кытайдын жарандарына гана сатылат. Мындан тышкары бардык спортчулар, ыктыярчылар жана делегаттар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекитилген вакциналар менен эмделиши керек. Толук эмдөөдөн өтпөгөн спортчулар Пекинге келгенден кийин 21 күндүк карантинге алынат.
Ошол эле учурда Олимпиаданын бардык катышуучулары жана олимпиадалык башкаруу системасынын кызматкерлери күн сайын коронавируска карата тест тапшырат.
Август айында Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндары дагы көрүүчүлөрсүз өткөн.