4-10-ноябрь аралыгында Астанада өтүп жаткан теннис боюнча баш байгеси 25 миң доллар болгон мелдеште кыргызстандык Ксения Палкина чейрек финалда жеңилди. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы жарыялады. Анда 6-ноябрь күнү өткөн мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө Ксения Палкина украиналык Вероника Капшай менен бирге орусиялык Александра Артаманова менен Евгения Пашковага каршы беттешип, 6:3, 6:0 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеп калды. Буга чейин Ксения Палкина аталган мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө да жеңилип, мелдештеги жолун токтоткон эле. Ошентип кыргызстандык теннисчи үчүн аталган мелдеш мөөнөтүнөн мурда аяктады.