Компаньон Банкынын Алма фестивалы Кыргызстан боюнча көпчүлүк фермерлери, багбандары жана агроөнөр жай секторунун өкүлдөрү үчүн жакшы салтка жана келечектүү аянтчага айланып калды.
2021-жылы 15-Алма фестивалы Өзгөн районундагы Куршаб айылында өттү. Фестивалга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген дыйкандар менен багбандар катышып, багбанчылыктагы жетишкендиктерин тартуулашты. Иш-чарага Ош облусунун 500дөн ашуун тургундары катышты. Ошондой эле чакырылган коноктордун арасында ишенимдүү өндүрүүчүлөрдү табуу үчүн келген айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген ишкерлер да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө багбандар 1,5 тонна алма сатышты, ал эми башка дыйкандар 85 тонна алма жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүгө жетишти. Алмадан тышкары башка жергиликтүү продукциялар да сатылды.
2005-жылдан бери Компаньон Банкы өлкөбүздүн аймактарындагы элет жашоочуларын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өстүрүүгө, малдын кунардуулугун арттырууга жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжал пайдалануу багыттары боюнча акысыз окутуулардан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк тартуулап келе жатат.
Бул демилгелер Кыргызстандын калкынын бакубаттуулугунун өнүгүшүнө жана өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Алма фестивалынын алкагында 120 зыяратчы Компаньон Банкынын агрономия жана мал чарбачылыгы боюнча адистеринен акысыз кеңештерди жана мастер-класстарды ала алышты.
Фестивалдын коноктору Компаньон Банкы аларга чыныгы майрамдык маанай тартуулаганын белгилешти. Коноктор музыкалык номерлерди, жергиликтүү таланттардын оюндарын жанаалма парадын көрө алышты. Шоу программадан тышкары, келгендер айыл чарба продукцияларынын жарманкесине, агрономия жана органикалык айыл чарба боюнча мастер-класстарга жана башка көптөгөн нерселерге катыша алышты.
Ошондой эле коноктор фестивалдын этно-зоналарында кыргыздардын тарыхый салттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чаранын негизги максаты - жергиликтүү багбанчылыкты жана айыл чарба өндүрүмдөрүн сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосундагы рыноктук байланышын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Учурда Компаньон Банкы – 17 жылдык тажрыйбасы бар, банк кызматынын толук түрлөрүн тартуулаган туруктуу уюм. Компаньон Банкына өлкөнүн 100 000ден ашуун кардары ишеним көрсөтүп, кызматташып келе жатат.
Компаньон Банкы социалдык багыттагы Кыргызстандын калкын колдоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн иш чараларга өзгөчө көңүл бөлүп келет.
БИРГИЛИКТЕ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ТҮЗӨБҮЗ!