"Алтын, күмүштөн жасалган таажы биринчи жолу". Өлкөнүн сулуу бийкечи тандалды

30-сентябрда борбор калаабыздагы ресторандарынын биринде "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагы болуп өттү.

Алтын менен күмүштөн жасалып, 5 миң долларды чапчыган таажынын ээси Алтынай Ботоярова болду. Айтымында, ал 5 жашынан тарта эле моделдик тармакта жүрүп, 20дан ашык сынактарга катышкан.

"Атаандаштарым менен эже-сиңдидей, бир үй-бүлөдөй болуп калдык. Мен үчүн кыйынчылык деле жаралган жок. Сынакка катышуу үчүн зор эмгек талап кылынды, өзүмө ишенгем. Ата-энеме, элиме жана уюштуруучуга чоң ыраазычылыгымды билдирем", - деди ал.

Кастингге 300-400 кыз келсе, 150 кыз тандалган. Ошентип отуруп 31 кыз сынактын финалына чыкты. Жеңүүчүгө 400 миң сом каражат тапшырылып, "Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын ээси Лазат Нуркожоева таажысын тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2021-10-01 10:42:44
Сулуулук - адамдын жан дүйнөсүн өзүнө тарткан касиетке ээ. Кыздар сулуу болгону жакшы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан