Эӊ жакшы инвестиция – бул ѳзүнѳ инвестициялоо

Эмне үчүн баалуу кагаздарга инвестициялоо тууралуу ойлонуп кѳрүү зарыл?

Биз дайыма азык-түлүктѳрдү сатып алабыз, интернеттен товарлар үчүн тѳлѳйбүз, онлайн-акча которуу кызматтарын колдонобуз жана акча топтойбуз. Кээде акча менен кыска мѳѳнѳттүү операциялар кѳп убакытты талап кылгандай сезилет. Бирок бул биздин финансылык жашообуздун жалгыз бир бѳлүгү эмес. Мындан тышкары пландоо дагы бар жана бул кыйла маанилүү.

Биз бүгүн кабыл алган чечимдер келечектеги жашообуздун пайдубалын түптѳйт. Баалуу кагаздарга инвестициялоо – бул пайдубалды куруунун кыйла тез жолу.

Инвестиция деген эмне?

Инвестиция – бул жеке ресурстарыӊызды келечекте пайда алып келе турган нерсеге жумшоо. Мисалы, сиз айлык акыӊыздын бир бѳлүгүн коротпостон чогулта берип, кийин ал суммага бир жыл ѳткѳн соӊ баасы жогорулап, дивиденд алып келет деген үмүттѳ бир компаниянын акцияларын сатып алсаӊыз болот же болбосо ѳнүгүп келе жаткан конуштан кыймылсыз мүлк сатып алып, оӊдоп-түзѳѳ иштерин мыкты жасап туруп, кымбатыраак баага сата аласыз.

Ошону менен бирге эле инвестициялоо – бул жалгыз гана акча менен байланыштуу иш-аракет эмес. Акчадан тышкары убакыт менен эмгек дагы ресурс болуп саналышы мүмкүн. Маселен, сиз баалуу кагаздарга инвестициялоону үйрѳтүү боюнча курс сатып алып, бош убактыӊызды кошумча билим алууга жумшай аласыз. Мындан тышкары бизнес ачсаӊыз да болот. Мунун баары инвестицияга кирет.

Баалуу кагаздарга инвестициялоону кайдан үйрѳнсѳ болот?

Фонддук рынокто ийгиликке жетүү үчүн атайын финансылык билим деле талап кылынбайт. Бирок баалуу кагаздар менен иштѳѳ боюнча базалык кѳндүмдѳрдүн болушу зарыл. Фонддук рыноктун ишмердүүлүгүнүн ѳзгѳчѳлүгү жѳнүндѳ билимди «Фридом Финанс» компаниясынын Бишкек шаарындагы филиалынан ала аласыз. Филиал 2018-жылдан бери тренингдерди, семинарлар менен курстарды ѳткѳрүп келет, 1500дѳн ашуун угуучу офлайн-форматта окуп чыгышты. Инвестициялоо ишин окуп-үйрѳтүү иш-чарасы экономика илимдери боюнча жогорку окуу жайлардын студенттеринин, ошондой эле компаниянын кызматкерлеринин – Америка соода палатасынын (AmCham) мүчѳлѳрүнүн арасында жүргүзүлдү.

«Фридом Финанс» филиалынын миссиясы – бул калк ичинде инвестициялоо маданиятын ѳнүктүрүү, ошондуктан Бишкек шаарында окутуу акысыз негизде ишке ашырылууда. Окутуу программаларынын маанилүү ѳзгѳчѳлүгү болуп, ээ болгон билимдерди практика жүзүндѳ бекемдѳѳ мүмкүндүгү эсептелет. «Фридом Финанс» курстарынын угуучулары сабактардын жүрүшүндѳ эле аналитикалык сайттар жана финансылык инструменттер менен иштей башташат. Окутуу иштеп жаткан инвесторлор менен тажрыйбалуу адистер тарабынан жүргүзүлѳт. Окутуунун алкагында филиал жеке финансыны кантип туура колдонуу керек экендиги, ошондой эле каражаттарды кайсы инструменттерге багыттоо туура боло тургандыгы жѳнүндѳ айтып берет.

Курстарга жазылууга убакыт келди!

Инвестициялоого үйрѳтүү барган сайын күч алып, бүгүнкү күндѳ «Фридом Финанс» филиалы бардык карантиндик коопсуздук чараларын сактоо менен ай сайын «Инвестициялоо искусствосу» деген аталышта офлайн-форматтагы мастер-класстарды ѳткѳрүп келет. Аталган мастер-класс жеке финансыны башкаруу боюнча базалык билимге ээ жана акча каражаттарын жѳн гана үйдѳ сактоонун эч кандай пайда алып келбегенин түшүнгѳн жарандарга арналган. Катышуу эркин каражаттарды жумшоонун натыйжалуу ыкмалары менен инвестициялоого үйрѳтүүнүн туура жолдорун камтыйт.

«Фридом Финанс» филиалында кардарлар менен иш алып баруу боюнча мыкты адистер иштешет жана алар фонддук биржада каражаттарды инвестициялоонун бардык нюанстары тууралуу индивидуалдуу тартипте кеӊири маалымат беришет. Кардарларга ыӊгайлуу болушу үчүн Whatsapp-мессенджердин жардамы менен колдоо кѳрсѳтүлѳт.

Кардарлардын пикирлери:

Тѳрѳгелдиева Ак-Марал

«Инвестициялоо искусствосу» мастер-классы мага инвестициялоо сѳзсүз эле миллионер болууну талап кылбай турганын аӊдап түшүнүүгѳ жардам берди. Эӊ башкысы – баалуу кагаздарга инвестициялоону окуп-үйрѳнүү. Мен «Фридом Финанс» командасы ѳз ишин мыкты билген кесипкѳйлѳрдѳн турганын айта алам жана баалуу кагаздарга инвестициялоо жаатында сапаттуу экспертиза менен билимдерге ээ болууда компаниянын эксперттерине ишенем.

Мамбетисаева Мээрим

Мага дайыма баалуу кагаздарга инвестициялоо деген нерсе кызык болуп келген. Бирок бул чѳйрѳдѳ эч кандай тажрыйбага ээ болбой туруп инвесторлук жолго багыт ала аламбы деген кооптонуу бар эле. Бишкектеги «Фридом Финанс» компаниясынын маалыматтык лекцияларына катышкан соӊ баалуу кагаздарга инвестициялоону үйрѳнүү – бул пассивдүү кирешеге карай алгачкы кадам экенин түшүндүм. Азыр башталгыч инвесторлор үчүн окуудан ѳтүүнү пландап жатам.

«Фридом Финанс» АК компаниясы жѳнүндѳ маалымат: Кененирээк маалымат алуу үчүн ѳтүнмѳнүн формасын толтуруӊуз:

«Фридом Финанс» АК ѳзүнүн кардарларына Казакстандын фонддук биржасында брокердик тейлѳѳ, баалуу кагаздарды котировкалоо боюнча маркетмейкерлик, карыздык жана үлүштүк финансылоону уюштуруу боюнча кызматтарды, ошондой эле финансылык консалтинг кызматтарын кѳрсѳтѳт.

Компания эл аралык Freedom Holding Corp. инвестициялык тобуна кирет.

«Фридом Финанс» АК Бишкек шаарындагы филиалы баалуу кагаздардын рыногунда брокердик жана дилердик ишмердүүлүк жүргүзбѳйт.

Публикацияда орун алган маалымат келечекте салымдардын сѳзсүз киреше алып келе тургандыгына, тобокелдик деӊгээлине, чыгымдардын ѳлчѳмүнѳ, инвестициялардын чыгашасыздыгына карата убада же кепилдик берүү катары кабыл алынбоого тийиш. Мурдагы инвестициянын натыйжасы келечектеги кирешени аныктабайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан