Бокс: Кличколор 106 жаштагы фанатына өздөрүнүн мээлейлерин белек кылды

Бокс боюнча Дүйнө чемпиондору Владимир жана Виталий Кличколор өздөрүнүн эң улуу күйөрманын 1-ноябрда туулган күнү менен куттукташты. 106 жашка толгон Аннеге мушкерлер өздөрүнүн кол тамгасы коюлган мээлейлерин белек кылышты.  

 

Эскерте кетсек, 37 жаштагы Владимир Кличко октябрь айында орусиялык Александр Поветкин менен беттешип чемпиондук титулун коргоду. Анын кийинки беттеши 2014-жылдын март айында болушу болжолдонууда. Ал эми Виталий Кличко 2015-жылы өтүүчү Украинадагы президенттик шайлоого ат салыша турганын билдирип келет. Ага чейин Виталий профессионалдык рингде бир беттеш өткөрмөкчү. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан