Ким Сок Жин, Ли Мин Хону артта калтырып. Ырчы Димаш Кудайберген "Азиянын эң сулуу мырзасы" деп табылды

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген "King Choice" сайтындагы онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Азиядагы эң сулуу мырза" деп табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Аталган сайттын маалыматына ылайык, ырчы 9 миллион 304 миң 871 добуш топтоого жетишкен. Ал эми 8 миллион 197 миң 925 добуш менен 2-орунду Түштүк Кореядагы "BTS" тобунун ырчысы Ким Сок Жин (Kim Seokjin) ээлеген.

Ал эми 3-орунга түштүк кореялык ырчы, актёр жана модель Чха Ын У (Cha Eunwoo) жайгашты. Анын эсебинде 1 миллион 918 миң 514 добуш бар.

Кийинки орунга таиланддык актёр Уин Метавин (1 миллион 669 миң 561 добуш) жайгашса, ал эми 5-орунду 1 миллион 460 миң 407 добуш менен ошол эле өлкөнүн актёру Брайт Вачиравит Чиваари (Vachirawit Chivaaree) ээледи.

Түштүк Кореянын белгилүү актёру Ли Мин Хо бул сынакта 950 миң 445 добуш менен 6-орунга жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Jacob.
2021-10-01 16:26:54
Ким сим бок соктор 50-60% пластика болуш керек, вообще то эркеке сулуулуктун кереги не..
+8
Marni
2021-10-01 17:30:10
Jacob., кайсы статистикага таянып жазып жатасың? Далилдериң жокпу, бул жерде караңгылыгыңды көрсөтүп, жалган маалымат таратпай эле кой. Сулуу болсо эле операция жасаткан болуп калбайт.
-7
jaz99
2021-10-01 16:36:31
Биздин кыргыздын жигиттерине жетпейт экен
+8
jaz99
2021-10-01 16:37:10
Бириси да
+5
XATSAN125
2021-10-01 16:39:43
Ушул сүлпүлдөктөр сулуу мырза бекен.
+2
Marni
2021-10-01 17:33:06
XATSAN125, ооба.
-2
Marni
2021-10-01 17:25:05
Куттуктайм. Азамат.
+1
Antiradikal3
2021-10-01 18:29:16
Намыскойлук, баатырдык, акылдуулук. Кыргыз элинин кылымдарды карыткан жоокерлик заманында эркектерден талар кылынган сапат ушулар болгон. Сулуулук аялдарга жарашчу нерсе......
+1
Chagylgan7
2021-10-01 21:15:57
Негизи Ким Сок Джиндин фандому млдрдан ашат.Менимче Бул голос бергендер биздикилер Эле окшойт .А так Джин красавчик и известный дагы .Мейли эми Димаш деле корейлерге окшоп кетет
0
Chagylgan7
2021-10-01 21:18:49
Това озу силердин оюнарды Ким сурады?Кпоп тушунбосонор айланып Эле ото бергиле да ,тарыхты чукубай .Озунор Эле укмуш эркек сыяктуу
0
nazira...
2021-10-02 07:59:16
Баары тең кыздарга окшош экен. Эркек деген эрррркектей болуш керек. Буларды только кыздар менен мушташып,күрөштүрүш керек да. Кыздардан талашып чачын,оозун,көзүн,бетин боёшуп жүрүшөт. Биздеги бир чычкак эркекке да алы жетпейт биринин да.
0
Nursul
2021-10-02 21:04:32
Баардыгы эле кыздардай болуп үлбүрөгөн немелер го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан