Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекованын машыгуу учурундагы видеосун жүктөдү.
"Тыныбекова даяр. Бир күн калды", - деп жазылды видеонун астына.
Бүгүн, 1-октябрда Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн Осло шаарына учуп кетти. Дүйнө чемпиондугу 2-9-октябрь күндөрү өтөт.