"Күнүнө 2 миллион сомдон ашык киреше түшкөн". Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү саткандар кармалды

Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк товарларды сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө республиканын түштүк аймагында мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды өзгөчө чоң көлөмдө сактоо жана сатуу фактысы аныкталды.
Такталган маалымат боюнча, мөөнөтү өтүп кеткен ар кандай азык-түлүк товарлар «R.G. Company» ЖЧКсына жана «М.И. Компани» ЖЧКсына таандык экени аныкталды. Мөөнөтү өтүп кеткен азыктар Орусия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан, ошондой эле Бишкектен келип турган.

"2021-жылынын 30-сентябрында кампанын имараттарын тинтүү учурунда жарактуулук мөөнөтү узартылган көптөгөн продуктуларды сактоо фактысы (балдар тамак-ашы, конфеттер, печенье, торттор, сүт азыктары ж.б.) аныкталган. Мындан сырткары, мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын мөөнөтүн атайын химиялык каражаттар менен узартып турушкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул компаниялардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн көмүскө кирешеси күнүнө 2 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bratanyn
2021-10-02 07:17:20
Эурлан Кокулов барсыңбы?
+6
DikBat9096
2021-10-02 09:46:06
Ушундайлардын айынан биздин элдерде боор бойрок ооруулары алмаштыруулары коп болуп кеткен болушу керек
+11
Rusi79
2021-10-02 10:08:27
Акча учун энесин да саткан акмактар.
+11
Alia82
2021-10-02 19:22:25
Андайларды бут кыргызстан боюнча кармап жок кылгыла сураныч, чоон сооп аласынар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан