SUPER.KG порталында жаңы рубрика. Анын аталышын көп ойлонбой "Микрофон кайнене келинде" деп атадык.
Анткени аталышынан эле баары түшүнүктүү болгондой эле бул рубрикага жалаң кайнене менен келиндер келип мамилелери, эсте калган күлкүлүү окуялары, таарынычтары жөнүндө кенен айтып беришип, башкаларга өз кеңештерин беришет. Алар канчалык үлгүлүү экенин, жакын экенин маек учурунда аңдап көрсөк болот. Илгертен эле кыргыз элинде кайнене менен келиндин ортосундагы мамилелер боюнча көптөгөн тамаша-чыны аралаш сөздөр айтылат. Бирок кайненесин өз энесиндей, келинин өз кызындай көргөндөр аз эмес.
Алардын бири жана рубрикабыздын алгачкы коногу ырчы Бек Исраиловдун апасы Гүлмира Рысбаева жана ырчынын жубайы Айжаркын Карыбаева. Маектештерибизди алгач бири-бирине болгон сезимдерин сурап, эсте калган кызыктуу окуяларынан айтып беришти. Толугу менен видеодон көрүңүз.