Кыргыз спортчусу Нурбек Тойчубаев паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда биринчи алтын медалын алды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Триатлон федерациясы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыгышты.
Маалым болгондой, спорттук иш-чара 1-октябрда Түркиянын Аланья шаарында болгон.
"Биздин Нурбек Тойчубаев аттуу спортчубуз өзүнүн PTS4 классында жеңишке жетип, дүйнөлүк мелдештерден өлкө капчыгына алтын медаль алып келди. Буга чейин спортчу дүйнө, Азия чемпиондуктарында бир нече ирет коло, күмүш медалдардын ээси болгон", — деп жазылат маалыматта.