Бүгүн, 2-октябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC мушкери, жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы Антонина Шевченконун көз караш дуэли болуп өттү.
Ал эртең, 3-октябрда "UFC Fight Night" турниринин алкагында австралиялык Кейси О'Нилл аттуу мушкер менен кез келет.
Пантера каймана аты бар 36 жаштагы кыргыз мушкеринин карамагында азырынча 8 жеңиш (2 нокаут) жана 3 жеңилүү бар.
Ал эми Кейси О'Нилл быйыл 2021-жылы 2 беттеш өткөрүп, бирөөсүн техникалык нокаут, дагы бирин муунтуу ыкмасы менен жеңген.
16-майга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Антонина Шевченко АКШ мушкери Андреа Ли менен беттешип, жеңилип калган.