Бүгүн, 2-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакта катышкан Улукбек Жолдошбеков алгачкы жүрүшүндө эле монголиялык балбан менен кез келип, 7:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.
Улукбек Жолдошбеков беттеш бүтөрүнө 15 секунд калганда 7:3 эсебинде жеңип жаткан. Бирок акыркы секунддарда атаандаш кыргыз балбанынын артына өтүп ыкма жасап, 4 упай алып кетти.
Монголиялык балбан финалга чыга турган болсо, Улукбек Жолдошбеков коло байгеге күрөшүү үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыга алат.
Улукбек Жолдошбеков былтыр, 2020-жылы 61 килограмм салмакта Азия чемпиону аталган.