Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмакта катышкан Арсалан Будажапов алгачкы жүрүшүндө эле орусиялык Радик Валиев балбан менен кез келип, жеңилүү ызасын тартып калган.
Кыргыз балбанынын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы тагдыры Радик Валиевден көз каранды болчу. Ал 1/4 финалда америкалык балбанга 9:4 эсебинде жеңилип калды.
Кечээ, 2-октябрда Дүйнө чемпиондугуна 61 килограмм салмакта катышкан Улукбек Жолдошбеков жеңилүү ызасын тартып, турнирден четтеп калган.
Муну менен Кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугундагы жүрүшүн токтотту.