Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтөт.
Мелдешке эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда шри-ланкалык Каруна Пели Гедара аттуу балбан менен кез келет.
Ал эми 62 килограмм салмактагы дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда япониялык Нонока Озаки аттуу балбан менен кез келет.
Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байге үчүн бүгүн, 4-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө күрөшөт. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.