Активист Максат Касенов 30-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 2-октябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү М.А.Касеновго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2021-жылдын 30-октябрь күнүнө чейин тандалды жана ал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №50 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп билдиришти соттон.
Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан 1-октябрда кармалган.