Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 70 килограмм салмакта катышкан Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде шри-ланкалык балбан менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты. 1/8 финалда кыргыз балбаны быйыл Европа чемпиондугунда коло байге уткан армениялык Арман Андреасян менен кез келет.
Эрназар Акматалиев быйылкы өлкө чемпиондугуна 65 килограмм салмакта катышып, финалда Алибек Осмоновго 8:8 эсебинде жеңилип калган.