Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери башталды.
Бул Дүйнө чемпиондугуна 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалда беларустук Вераника Иванова менен кез келди.
Биринчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова атаандаштын артына өтүп 2 упай алды. Каршылаш дароо эле 3 упай, андан кийин 1 упай алып, эсеп 4:2 болду.
Биринчи бөлүк 4:4 эсебинде Айсулуу Тыныбекованын пайдасында аяктады.
Экинчи бөлүктө каршылашы дароо эле 2 упай алып, эсепти 6:4 кылды. Андан кийин Тыныбекова активдүү күрөш баштап, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Айсулуу Тыныбекова 1/4 финалга чыгып, анда япониялык Нонока Озаки аттуу балбанды жеңип чыккан.