Бүгүндөн баштап "Адилет" телесериалы КТРК телеканалында жана ETNOMEDIA Youtube каналында көрсөтүлүп баштайт
Бүгүндөн баштап "Адилет" телесериалы КТРК телеканалында жана ETNOMEDIA Youtube каналында көрсөтүлүп баштайт.
Бүгүн, 4-октябрь саат 22:20да эң алгачкы серия көрсөтүлүп, артынан 23-серияны улап кетет. Күндө иш күндөрү “Адилет” телесериалы КТРК телеканалында жана ETNOMEDIA Youtube каналында бир убакытта чыгат.
Мыйзамды жашоосунун принцибине айландырган милиция кызматкери - Жанар Чалаев Сокулуктан Бишкекке атайын оор кылмышты ачуу үчүн которулат. Ага напарник болуп тентек жана өзүмчүл Адилет Саткынбаев дайындалат. Көчө тарбиясын алган Адилет Жанарды такыр жактырбайт жана теңине албайт. Ошол эле убакта тонолгон банктын айланасындагы табышмактуу окуялар улам күчөп, курмандыктар көбөйө берет. Кылмышкерлерди табуу ого бетер оорлойт. Жанар менен журналист кыздын капыстан таанышуусу окуяны таптакыр башка нукка буруп салат.