Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты

Бүгүн, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери башталды.

Бул Дүйнө чемпиондугуна 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен кез келди.

Айсулуу Тыныбекова биринчи бөлүк башталганда эле каршылаштын артына эки жолу өтүп, 4 упай алды. Биринчи бөлүк 4:0 эсебинде кыргыз балбанынын пайдасында аяктады.

Экинчи бөлүктө каршылаш Айсулуу Тыныбекованы килемден түртүп чыгып 1 упай алды. Беттеш 4:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Каршылаштын машыктыруучусу дагы челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоону көрүп, кыргыз балбанына дагы бир упай ыйгарды.

Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.

Айсулуу Тыныбекова жарым финалга беларустук Вераника Иванова аттуу балбан кызды жеңип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Oryol-bala
2021-10-04 21:45:24
Азаматсың Айсулуу, кыргыздын сыймыгы!
+5
KBD1987
2021-10-04 22:05:07
Буйруса Айсулуу менен Эрназар алтын медаль алып, кыргыз Элин суйункулочу.
+7
Ali-han
2021-10-04 22:11:39
Мээрим менен Айпери эмне болду?
+5
Азат Бейшенбеков
2021-10-04 22:39:30
Ali-han, Саламатсызбы? Айпери Медет кызы эртең, 5-октябрда күрөшөт. Мээрим Жуманазарова 6-октябрда.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан