Осло: "Экөө алтын байге үчүн". Бүгүн үч кыргыз балбаны килемге чыгат (тизме)

Бүгүн, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтөт.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмактагы Айпери Медет кызы алгачкы беттешин өткөрөт. Анын алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкова аттуу балбан кыз болот.

Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун финалында күрөшөт. Анын атаандашы америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз болот.

Ошондой эле 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев дагы финалда күрөшөт. Анын атаандашы польшалык Магоммедмурад Гаджиев аттуу балбан болот.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.

Кыргыз балбандарына ийгилик!!!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MEDER_KULETOV
2021-10-05 09:54:20
Ийгилик балбандарга
+1
salimbek87.kg
2021-10-05 10:02:37
Буйруса алтын медаль болот ийгилик
0
suluktu
2021-10-05 11:06:09
Кайсы каналдан коробуз? КТРК Спорт баары бир алып бербейт. Пайдасы жок АПЛдин футболун кайталап берип жатат тормоздор!
+2
rysik79
2021-10-05 11:16:56
Алллахым жар болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан