Кечээ, 4-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта финалга чыкты.
Эрназар Акматалиев буга чейин 65 килограмм салмакта мелдештерге катышып келчү. Бул демек өзүнөн 5 килограмм оор салмактагы балбандар менен күрөшүп жатат дегенди түшүндүрөт.
SUPER.KG порталы Эрназар Акматалиевдин Дүйнө чемпиондугунун финалына чыккандагы эмоциясынын сүрөттөрүн топтоду.
Эрназар Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен кез келет. Финал бүгүн, 5-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.