Дүйнө чемпиондугу: "Буга чейин эки жолу беттешкен". Айпери Медет кызынын алгачкы атаандашы тууралуу эмне белгилүү?

Бүгүн, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Айпери Медет кызы алгач эле күчтүү делген болгариялык Мария Оряшкова аттуу балбан кыз менен кез келет.

Атаандаш тууралуу эмне белгилүү?

Мария Оряшкова 1988-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал дзюдо боюнча Болгариянын 8 жолку чемпиону. Самбо боюнча Европанын 9, дүйнөнүн 6 жолку чемпиону жана 2019-жылы өткөн Европа оюндарынын жеңүүчүсү. 2019-жылдан тарта кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештерге катышып келет.

Айпери Медет кызы буга чейин Мария Оряшкова менен эки жолу кез келип, экөөндө тең жеңишке жеткен. Алгач эки балбан кыз 2019-жылкы Дүйнө чемпиондугунда кез келип, Айпери 10-0 эсебинде жеңип алган. Экинчи жолу балбандар 2020-жылы декабрь айында Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда кез келип, анда Айпери Медет кызы 5:3 эсебинде жеңген.

Бул эки балбан кыздын үчүнчү жолугушуусу бүгүн, 5-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2021-10-05 10:41:39
Кыргызстандын татынакай, сулуу кыздары силерге жениш.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан