Бүгүн, 7-ноябрь күнү футбол боюнча өлкө чемпиондугу Топ-Лиганын алкагында бишкектик “Дордой” канттык “Абдыш-Атада” конокто болот. Бул оюн турнирдик жактан эч кандай мааниге ээ эмес, анткени учурда “Дордой” 18 оюндан соң 36 упай менен чемпион аталган оштук “Алайдан” кийинки 2-орунда, ал эми “Абдыш-Ата” 19 оюндан соң 32 упай менен 3-орунда. Ошондуктан бул беттеште “Абдыш-Ата” жеңсе да “Дордойду” 2-орундан жылдыра албайт. Бирок бул командалар турнирдик таблицада кандай орунду ээлегенине карабай, бири-бирине ар дайым күчтүү атаандаштыкты жаратып келгендиктен беттеш кызыктуу өтөрү шексиз.