Бүгүн, 5-октябрда бийчи, "Тумар" бий тобунун жетекчиси Атай Өмүрзаков 31 жашка толду. Ал Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясында билим алган.
11-классты аяктап жатканда Улуттук биринчи канал уюштурган "Баракелде" телесынагына катышып, Гран-Приге ээ болгон. Ошондон кийин "Украина таланттарга бай” (“Украина мае талант”), “Даңк мүнөтү” (“Минута славы”) долбооруна катышып, алдыңкы байгелүү орундарга ээ болгон. Ал эми 2011-жылы Атай Словакиянын борбору – Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагын жеңип, 100 000 евронун ээси болуп кайткан.
Мындан сырткары ал Кытайда, Германияда да кароо-сынактарга катышып, калыстардын мактоосуна арзыган.