Осло: "Европа чемпиону". Эрназар Акматалиевдин финалдагы атаандашы ким?

Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 70 килограмм салмакта финалга чыккан Эрназар Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен кез келет.

Атаандаш тууралуу эмне белгилүү?

Магомедмурад Гаджиев 1988-жылы Дагестанда жарык дүйнөгө келген. 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Олимпиада алдындагы Дүйнө чемпиондугунда 70 килограмм салмакта коло медалга ээ болгон. 2020-жылы Рим шаарында өткөн Европа чемпиондугунда 70 килограмм салмакта финалга чейин жетип, финалда азербайжандык Агагусейн Мустафаевди жеңип, Европа чемпиону болгон.

Ошондой эле 2017-жылы Париж шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло байге уткан. Европа чемпиондуктарында 3 жолу күмүш (Баку-2010), (Нови-Сад-2017) жана (Каспийск-2018), бир жолу коло байге уткан (Бухарест-2018).

2020-жылы Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө Кубогунда 70 килограмм салмакта алтын медаль уткан. Мындан тышкары, көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Эрназар Акматалиев польшалык атаандашына каршы бүгүн, 5-октябрда килемге чыгат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Eden-Hazard
2021-10-05 13:16:19
Карт бөрү экен да
+3
SHaidulda
2021-10-05 13:44:38
Кучту экен атандаш Эрназарга куч кубат берсин
+2
Chagylgan7
2021-10-05 14:20:43
88 Болсо опытный экен да.Бирок биздики деле жон бала эмес экен,озунукун бербеген.Токиодо медаль алабы дедим эле бир нерсе жетишпей калды окшойт.Ийгилик ,алтын эле алсынчы ушунча аракетине жараша
+1
Rakyl12
2021-10-05 15:21:53
Эрназар утат буюруса.
+1
Mister-XXX
2021-10-05 15:47:28
Эрназардын өжөрдүгү жакты.Аягына чейин күрөшөт экен.Келечекте көп ийгиликтерди багындырат.
0
Nurtoruk
2021-10-05 19:17:54
Кумуш медаль деле жакшы ийгилик Эрназар алтынга аракет кыл бирок атаандашын анча эле сенден алдыда экен абайла конулунду тушурбо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан