«Мой О!» тиркемесинин пайдалануучулары үчүн Россиядан акча которууларды алуунун ыкчам жана ишенимдүү ыкмасы пайда болду. Эми россиялык «СберБанк Онлайн» банктык сервиси аркылуу бир нече клик менен «О!Деньги» капчыгын толуктаса болот.
Пайдалануунун жеңилдиги жана каражаттардын дароо эсептелиши банктык бөлүмдөргө барбай туруп, жакындарыңарга ыкчам жана ыңгайлуу акча которууга мүмкүнчүлүк берет. Акча которо турган киши каражаттарды алуучунун телефон номерин жана суммасын көрсөткөндүгү жетиштүү болот.
3 миң рубль которгон учурда комиссиясы – 30 рубль болот, 3 миңден ашуун акча которуунун комиссиясы сумманын 1%ын түзөт.
«О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды бүт Кыргызстан боюнча жайгашкан 100 O!Store дүкөндөрүнүн биринен накталай акчага айландырууга болот.
Тиркеме тууралуу
«Мой О!» тиркемеси – бул О! + Saima абонентинин жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экотутум. Тиркемеде 2 000 000дон ашуун орнотуулары жана маркетплейстерде туруктуу жогорку баасы бар.
«Мой О!» тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү:
Google Play же App Store шилтемелери аркылуу жүктөп алыңыз.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.