Бүгүн, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 76 килограмм салмакта катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүндө эле болгариялык Мария Оряшкова менен кез келди.
Биринчи бөлүктө Айпери Медет кызы каршылашынын артына өтүп 2 упай алып, андан кийин каршылашын айлантып, эсеп санын 10:0 кылып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Чейрек финалда Айпери Медет кызы орусиялык Марина Суровцева менен кез келет.