Мекендешибиз Айпери Медет кызы Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 76 килограмм салмакта жарым финалда эстониялык балбанга 3:3 эсебинде жеңилип калды.
Беттеште кыргыз балбан кызы мыктылыгын көрсөтүп, акыркы мүнөттөргө чейин 3:1 эсебинде алдыда келди. Бирок акыркы 30 секундалык убакыт калганда эстониялык балбан кыз 2 упай алып кетип, беттеш 3:3 эсебинде жыйынтыкталды. Эрежеге ылайык, акыркы упайды иштеп тапканы үчүн жеңиш эстониялык спортчуга ыйгарылды.
Эми кыргыз балбан кызы эртең, 6-октябрда коло байге үчүн күрөшөт.
Эске салсак, Айпери Медет кызы буга чейин алгачкы беттешинде болгариялык Мария Оряшкова менен кез келген. Анда каршылашына эч мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен.
Ал эми чейрек финалда орусиялык Марина Суровцевага каршы килемге чыгып, аны дагы буйдамга келтирбестен кайрадан 10:0 менен утуп алган.