Достор менен кинотеатрга барып көлөмдүү үн менен ырахаттануу, жаратылыш чөйрөсүндө шаркыраган суу жээгинде жана жалбырактардын дирилдегинде медитация кылуу, ырахаттануу үчүн музыка угуу жана өзүңдүн жакшы көргөн ыр жыйнактарын топтоо, балким, жөн гана эң жакын адамыңдын үнүн угуу – бул кээ бирлери үчүн көндүм иш, ал эми кээ бирлери үчүн жетпеген кыялдар.
15-июндан 15-августка чейин Lay’s Кыргызстандын Кызыл ай коому менен биргеликте бүткүл өлкөнү жылмаюулар аркылуу бириктирүү жана угуусу начар адамдарга жардам берүү үчүн “Lay’s менен бирге күлкү тартуула” социалдык долбоорун өткөрдү.
Долбоордун башкы максаты – угуу аппараттарын сатып берүү. Жөн гана брендден белек берүү эмес, реалдуу жардам көрсөтүү.
Кантип?
Угуусу начар адамдар үчүн угуу аппараттары абдан маанилүү. Алар үчүн угуу аппараттары жашоонун сапатын жөнөкөй тиричилик нерселер менен жакшыртуунун, дүйнө менен баарлашуунун жана мурдатан бери келе жаткан максаттарын жана кыялдарын орундатуунун негизги мүмкүнчүлүктөрүнүн бири.
Эки ай бою кыргызстандыктар жылмаюулары менен бөлүшүштү: ар бир таңгактан жана Lay’s бет кабынын сторисинен түшкөн ар бир 1 сом Кыргызстандын Кызыл ай коомуна которулуп жатты.
Ар биринин салымы маанилүү болду – кыргызстандыктардын жалпы аракети жана маани берүүчүлүгү менен 1 540 000 сом акча чогулуп, 56 угуу аппараттары сатып алынды жана эң чоң жакшы иш жасалды.
Lay’s долбоорунун катышуучулары өздөрүнүн тарыхы менен бөлүштү жана алар баарынан да кинотеатрлардагы фильмдерди, жаратылышты жана музыканы угууну кыялданып жатышканын айтып беришти. Кыргызстандыктардын жылмаюусунан биз угуусу начар адамдарга кыялдарын орундатууга жардам бере алдык.
Никита:
"Үндөрдүн көп түрдүүлүгүн жана сөздөрдүн кулакка жагымдуу угулушун тыңдоо кандай сонун. Мындан ары мен фильмдерди жаңы сапатта кабыл алам".
Рустем:
"Мен суунун шаркыраганын биринчи жолу уктум. Эң сонун экен. Мен ташты сууга ыргытсам, чулк деген үн чыкты. Мен бул үндү угуп суктандым. Рахмат!"
Инкар:
"Мен бул музыканы угуудан күчтүү эргүүгө кабылдым. Бул кандайдыр бир толкундатуучу жана денени дүркүрөткөн өзгөчөлүк. Кокустан ток ургандай болуп кетти".
Биз биргеликте бүтүндөй өлкөнүн жылмаюусуна жардам бердик!
Сиздин жылмаюуңуз үчүн рахмат!