Күйүүчү майдын кымбатташы - бүткүл дүйнөлүк тренд

Өткөн жылдын аягынан тартып дүйнөлүк рынокто мунайга болгон баанын кескин өсүүсү байкалууда. Бир баррель мунайдын наркы 40 доллардан 80 долларга, тактап айтканда 2 эсеге кымбаттады.

"Кыргызстан күйүүчү майдын баарын сырттан алып келген өлкө катары жалпы дүйнөдө болуп жаткан тенденциялардын таасиринен кача албайт. Дүйнө боюнча мунайга болгон баанын өсүшү - өткөн, 2020-жылдагы пандемиянын кесепети. Өткөн жыл баарыбызга белгилүү болгондой, демейдегиден такыр башкача шартта өттү, бардык жакта карантин киргизилип, мунайга болгон баа кескин түшүп кеткен. Мындан улам мунай өндүргөн өлкөлөр ири чыгымга туш болуп, аны өндүрүү көлөмүн максималдуу түрдө кыскарткан.

2021-жылы ОПЕК+ (Нефтини экспорттогон өлкөлөрдүн уюму) уюмуна кирген өлкөлөр абдан кылдаттык менен аны өндүрүү көлөмүн көбөйтүүдө. Башкача айтканда, алар күйүүчү майга карата дүйнө боюнча тартыштыкты жаратышып, анын баасын кымбаттатууда", - дешти Нефть өндүрүүчүлөр ассоциациясынан.

Жергиликтүү мунай өндүрүүчүлөр ушул жылдын башынан бери Россиянын күйүүчү май иштеп чыгарган заводдорунун баштапкы бааларынын өсүшүнүн алдын алуу үчүн бир катар аракеттерди көрүп келет:

- компаниянын пайдасы бул жылы 1 пайыздан ашкан жок;

- компаниялар бардык тобокелчиликти өздөрүнө алышып, заводдон чыккан бааны кармоо үчүн күйүүчү майдын 2 айлык запасын сатып алды.

Мындай иш-аракеттердин натыйжасында нефтетрейдерлер төмөнкү жыйынтыктарга жетишти:

* Россиянын заводдорунда баалар: - АИ-92 бензинине 130 пайызга өстү, ошол эле учурда жергиликтүү май куюучу жайларда күйүүчү майга болгон баанын чекене баасы болгону 59 пайызга кымбаттады.

- дизель күйүүчү майына болгон баа заводдо 70 пайызга кымбаттаган болсо, жергиликтүү май куюучу жайларда болгону 40 пайызга өстү.

Мындан тышкары, нефтетрейдерлердин тынымсыз аракеттеринин натыйжасында күйүүчү майга болгон тартыштык маселеси жаралган жок. Өзүңүздөр байкагандай, коңшу Казакстан, Өзбекстанда мындай абал болуп жатат. Компания өзүнүн башкы милдетин так аткарууда - республиканы мунай менен үзгүлтүксүз камсыздап, ага болгон баанын кескин кымбаттап кетишин алдын алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан