Ден соолуктун сегиз көрсөткүчү: Кандын биохимиясы эмнеси менен пайдалуу жана аны кайдан өтсө болот?

Жашоонун учурдагы ыргагы ооруларды алдын алуу тууралуу ойлонууга дайыма эле мүмкүнчүлүк менен убакыт бере бербейт. Бирок бул кайсы болбосун ооруну алдын алууга жардам берери белгилүү. Саламаттыктын абалын баалоону анчалык кымбат эмес, тез жана көп маалымат берүүчү лабораториялык изилдөө – кандын биохимиясынан баштаса болот.

Кан – организмдин башкы транспорттук системасы, ага клеткалардын тиричилик аракетинин жүрүшүндө бөлүнүп чыккан заттар сиңет. Анын көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү кайсы болбосун ички процесстерде бузулууларды байкоого жардам берет.

Мисалы, анализдин жыйынтыгын билүү менен дарыгер органдардын жана денебиздин тутумдарынын ишин баалап, зат алмашуу кандай жүрүп жатканын түшүнүп, жашоо үчүн маанилүү элементтерин жетишсиздигин аныктап, жадакалса белгилердин пайда болушуна чейин эле кооптуу оорулардын башталышына шек санай алат.

«Гемотест» лабораториясынан «Биохимия» комплексине 8 көрсөткүч кирет. Төмөнкү эки ферментти өлчөө боордун абалын баалоого жардам берет: аспартатаминотрансфераза (АСТ) жана аланинаминотрансфераза (АЛТ). Билирубинге тест өт түтүгүнүн тыгындалуусун көрсөтсө, бөйрөктөрдүн иштеши тууралуу жалпы белокко, мочевинага жана креатинин анализдери айтып берет.

Холестерин менен темирге анализдердин жардамы менен адам туура эмес тамактанып жатканын түшүнүп, кант диабетинин, жүрөк кан тамыр ооруларынын жана аз кандуулуктун өрчүү тобокелин көрсө болот.

Изилдөө биоматериалды алууну эсепке албаганда 690 сом жана 1 күндү түзөт – анын натыйжаларын электрондук почта боюнча алып жана www.gemotest.kg сайтында жеке кабинеттен көрсө болот. Сайтта бөлүмдөрдүн даректерин жана иш графигин тактаса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан