Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованын жеңиштен кийинки маеги жарыяланды. Видео Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун интернеттеги баракчасына чыкты.
Анда балбан кыз чемпион болуу менен өзүнүн, өлкөнүн тарыхын жазып жатканын белгиледи.
"Мага эң негизгиси машыктыруучумдун ыраазычылыгы маанилүү, ал ыраазы болсо эл дагы ыраазы. Мен чемпион болуу менен өзүмдү далилдедим. Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, ал мен. Бүгүн эки жолку чемпион болуп турам. Олимп оюндарынан кийин толук кандуу даярдана алган жокмун. Толук кандуу даярдыксыз эле жеңишке жеткеним кубандырат.
Финалдык беттеш буга чейинки кармаштарга салыштырмалуу жеңил болду. Мен машыктыруучумдун айткандарын аткардым", - деди ал.
5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, анда америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо аттуу балбан кыз менен кез келди. Беттеш аяктаарына 2 секунд калганда Айсулуу Тыныбекова атаандаштын артына дагы бир жолу өтүп 2 упай алып, эсеп санын 7:0 кылды.
Жыйынтыгында жалпы эсеп 7:0 болуп, Айсулуу Тыныбекова катары менен экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды.
Балбан 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.