Бүгүн, 6-октябрь күнү грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курамасы Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн учуп кетти.
Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан 8 балбан катышат. Алар Бишкек-Стамбул-Осло багыты боюнча учушкан.
Грек рим-күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугундагы чүчү кулак аземи бүгүн, 6-октябрь күнү кечинде өтөт.
Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча катыша турчу балбандардын тизмеси: . 1. Сардарбек Конушбаев - 55 кг;
2. Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
3. Калы Сулайманов - 63 кг;
4. Марлен Асикеев - 67 кг;
5. Руслан Царёв - 72 кг;
6. Кайратбек Түгөлбаев - 77 кг;
7. Калидин Асыкеев - 82 кг;
8. Бексултан Махмудов - 97 кг;
9. Азат Эркимбаев - Башкы машыктыруучу;
10. Улукбек Карачолоков - Улук машыктыруучу;
11. Арсен Эралиев - Улук машыктыруучу.