Кечээ, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 97 килограмм салмактын финалында белгилүү орусиялык балбан Абдулрашид Садулаев менен америкалык Кайл Снайдер кез келди.
Садулаев-Снайдер бул күрөш тарыхындагы супер тирешүү. Бири-бирине бардык жагынан төп келген бул эки балбан ар дайым дүйнөлүк турнирлердин финалында кез келет.
Биринчи жолу эки балбан 2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында кез келген. Анда америкалык балбан Садулаевди 6:5 эсеби менен утуп алган. Бир жылдан кийин, тагыраагы 2018-жылы Будапешт шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда эки балбан кайрадан финалда кез келип, Садулаев атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.
Быйыл Токио шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын финалында дагы эки балбан кез келип, анда дагы Садулаев жеңишке жеткен. Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун финалында дагы экөө кез келип, 6:0 эсебинде Садулаев жеңишке жетти.
Орус танкы атка конгон Абдулрашид Садулаев карьерасындагы эң мыкты жеңишим деп Будапештте өткөн финалдык беттешти айтып келет.
Бул эки балбандын тиреши күрөш тарыхындагы мыкты тирештердин бири болуп калууда.