Бүгүн, 6-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова алгачкы жүрүшүндө түштүк кореялык балбан менен кез келди.
Биринчи бөлүк башталганда эле Мээрим Жуманазарова атаандаштын артына өтүп, 2 упай алды. Биринчи бөлүк аяктаар маалында кыргыз балбаны дагы 4 упай алып, эсеп санын 6:0 кылды.
Экинчи бөлүк башталары менен Мээрим Жуманазарова атаандашынын артына өтүп, далысын жерге таза басып жеңишке жетти.
Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.
Мээрим Жуманазарова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан.