Осло: Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта жарым финалга чыкты.

Жарым финалга чыгуу үчүн ал канадалык Оливия Грейс Ди Бакко аттуу балбан кыз менен кез келди. Биринчи бөлүктө атаандаш активдүү болбогону үчүн кыргыз балбаны 1 упай алды.

Экинчи бөлүктө Мээрим Жуманазарова активдүү болбогону үчүн атаандашка бир упай алдырды. Андан кийин ал дароо 4 упайлык ыкма жасады. Андан кийин Мээрим Жуманазарова дагы 3 упай алды.

Жыйынтыгында эсеп 7:1 болуп, кыргыз балбаны жарым финалга чыкты.

Мээрим Жуманазарова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
voennyi88
2021-10-06 16:27:15
Алкыш сага Мээрим!
+4
uitmor
2021-10-06 19:16:32
Суйом го суйом ушу кызды. Жылмайганыле алтынга тете да. Эми Айсулуу эжесинин жолун жолдоп Дуйно чемпиону болсокен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан