Осло: "Европа чемпиону". Мээрим Жуманазарованын жарым финалдагы атаандашы ким?

Бүгүн, 6-октябрда кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 68 килограмм салмакта жарым финалга чыкты.

Жарым финалда кыргыз балбаны орусиялык Ханум Велиева аттуу балбан кыз менен кез келет. Ал нигериялык күчтүү делген Блессинг Оборудудуну 8:7 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Ханум Велиева 1998-жылы Орусиянын Красноярск шаарында төрөлгөн. Анын атасы азербайжандык. Бала кезинен бери күрөш менен алектенет. Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучулары Лидия Карамчакова менен Виктор Райковдун колунда машыгат.

2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы Европа чемпиондугунда коло медалга ээ болгон. Ошол эле жылы кадеттер арасында Дүйнө чемпиону болгон. 2017-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Европа чемпиондугунда коло медалдын ээси болгон, ошондой эле өспүрүмдөр арасында Европа чемпиондугун уткан. Ошол эле жылы Орусиянын чемпиону аталган.

2020-жылдын февраль айында Римде өткөн Европа чемпиондугунда чемпион болгон. 2021-жылдын апрель айында Варшавада өткөн күрөш боюнча Европа чемпиондугунда 68 килограмм салмакта күмүш медаль уткан.

Ошондой эле "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aimani
2021-10-06 17:15:21
Мээрим эле утат.коркпогула.
+4
salimbek87.kg
2021-10-06 18:42:47
Буйруса Меерим утат ийгилик каалап дуба кылып туралы
+3
Alia82
2021-10-06 18:47:48
Ийгилик Мээрим кызыбызга!!!
+1
suban78
2021-10-06 19:24:48
Орустар Ханум женет деп жазып атышса керек уштапта. Алардын жаман тилеги ишке ашпасын, биздин тилек ишке ашсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан