Бразилиянын "Сан-Паулу" футболдук клубунун оюнчусу Вильям Рибейро экинчи дивизиондогу "Гуарани" клубуна каршы оюнда калысты нокаутка учуратты.
Оюн учурунда футболчу каршылашы менен кагылышып жыгылган. Буга эч кандай реакция кылбаган калысты чуркап келип чаап, жыгылганда башка тепкен. Калыс оюн талаасында эс-учун жоготуп, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.
Ал эми Вильям Рибейро полиция кызматкерлери тарабынан дароо кармалган. Аны узак мөөнөткө эркинен ажыратуу пландалууда. Футболдук клуб аны менен келишимин дароо жокко чыгарды.