Осло: Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча 4 кыргыз балбаны килемге чыгат. Алардын атаандаштары кимдер?

Бүгүн, 7-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер старт алат. Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму грек-рим күрөшү боюнча мелдештердин күн тартибин жана атаандаштардын тизмесин жарыялады.

Жарыяланган тизмеге ылайык, бүгүн 4 кыргыз балбаны килемге чыгат.

Тагыраагы Сардарбек Конушбаев (55 кг) түштүк кореялык Хйеокжин Жеон аттуу спортчу менен күч сынашат.

Ал эми 72 килограмм салмакта Руслан Царёв украиналык спортчу Максим Йевтушенко менен кез келет.

Ошондой эле Кайратбек Түгөлбаев (77 кг) Азербайжан өлкөсүнүн балбаны Санан Сулеймановго каршы килемге чыгат.

Мындан тышкары Калидин Асыкеев (82 кг) азербайжандык Рафиг Хусеинов менен эстониялык Ранет Калжола экөөнүн кимиси жеңишке жетсе, ошонусу менен беттешет.

1/8 финалдык оюндар Бишкек убактысы боюнча 14:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZALKARBEK.84
2021-10-07 10:27:27
КТРК Спорт корсотуп жатабы??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан