Күрөш: Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга жайгашты

Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге уткандан кийин дүйнөлүк рейтингде 70 килограмм салмакта үчүнчү орунга жайгашты. Мындай маалымат дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Эрназар Акматалиев буга чейин мелдештерге 65 килограмм салмакта катышып келчү. Ал Дүйнө чемпиондугунда жалпы 40 упай топтоп, рейтингде үчүнчү орунга жайгашты.

Бул салмак категорияда биринчи орунга Эрназар Акматалиевди финалда жеңген польшалык Магомедмурад Гаджиев жайгашты. Анын карамагында 60 упай бар. Экинчи орунда 46 упайы менен америкалык Уильям Панталео.

Эрназар Акматалиев Магомедмурад Гаджиевге 2:1 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан