Дүйнө чемпиондугу: Руслан Царёв алгачкы атаандашын жеңди

Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Бешинчи күндүк мелдештер күрөштүн грек-рим түрү боюнча уланды. Анда Дүйнө чемпиондугуна 72 килограмм салмакта катышкан Руслан Царёв украиналык Максим Евтушенко аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө Руслан Царёв күрөш көргөзгөнү үчүн 1 упай алып, калыс партер коюп берди. Бирок кыргыз балбаны аны аткара алган жок.

Экинчи бөлүктө атаандаш активдүү болгону үчүн калыс 1 упай берип, партер койду. Аны украиналык балбан аткара алган жок. Андан кийин калыс дароо атаандашты партерге койду. Аны кыргыз балбаны ийгиликтүү аткарып, 2 упай алды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 3:1 болуп, Руслан Царёв 1/8 финалга чыкты. 1/8 финалда ал түркиялык Женгиз Арслан аттуу балбан менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан