Осло: Кайрат Түгөлбаев мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды

Бүгүн, 7-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да старт алды.

Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Кайрат Түгөлбаев алгачкы жүрүшүндө эле азербайжандык Санан Сулейманы аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө кыргыз балбаны активдүү күрөшпөгөнү үчүн калыс каршылашка бир упай берип, партер абалын койду. Андан пайдаланган Санан Сулейманы упай алып кетти.

Буга Кайрат Түгөлбаевдин машыктыруучусу нааразычылыгын билдирип, челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоону карап, атаандашка дагы бир упай ыйгарды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 9:0 болуп, азербайжандык балбан мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MEDER_KULETOV
2021-10-07 15:47:28
Ушул баланын багы жанбады деги
+2
aziret-92
2021-10-07 15:55:52
MEDER_KULETOV, туура,бул КРдан результат корсоткону менен за граница чыкканда жакшы результат корсото албай койду эч эле...формага келип турганда 77кг Акжол Махмудовдун озун эле жибериш керек болчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан